“2013-2014-жылдары эле бийик тоолуу, барууга шарты оор болгон айылдардын тизмеси такталсын деген маселе Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде эки ирет каралып, өкмөткө тапшырма берилген. Анын жыйынтыгы эмдигиче парламентке келе элек". Мындай пикирин депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 18-ноябрда “Парламент” радиосуна берген маегинде айтты. Депутат ишти тездетип, натыйжага жетишүү үчүн спутниктик картаны пайдалануу менен деле бийик тоолуу райондорду тактап алууга боло турганын билдирди.
“Шарты катаал айыл аймактарын аныктоонун критерийин адилет карап, калыстык менен такташ керек. Мисалы, бир кезде барууга кыйын болгон айылдардын инфраструктурасы жакшырып, жолдору оңолуп кете турган болсо, аларды жетүүгө кыйын конуштардын катарынан чыгарууга туура келет. Ал эми бийик тоолуу райондордун категориясына кирген айылдардын тизмеси өзгөртүлбөстүгү белгилүү”,- дейт Бакиров.
"Деңиз деңгээлинен канчалык бийик тургандыгына карап, бийик тоолуу райондорго кирген айылдар үчүн ар кыл коэффициенттер каралган. Мисалы, Өзгөн районундагы Жипектик айылы жогорку бийиктикте тургандыктан, андагыларга каралган коэффициент 1,80 өлчөмү менен белгиленген. Дагы башка деңиз деңгээлинен ар кыл бийиктикте жайгашкан айылдар бар. Алардын жайгашуусу деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикке жетпегени да, андан жогору тургандары дагы кезигет",- деп кошумчалады депутат.