Темир Сариев: “Электр энергиясын пайдаланууда кылдат саясат жүргүзүү керек”

Өкмөттө бүгүн, 18-ноябрда өлкөнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана кышкы жылытуу мезгилинде суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелери талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз кылуу жана аны эффективдүү пайдалануу эң башкы маселе экенин белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдар бирдиктүү саясат жүргүзүүсү керектигин билдирди.

“Электр энергиясы менен суу - өлкөбүздүн эң негизги байлыгы. Бул ресурстарды колдонууда ойлонулган саясат жүргүзүү зарыл”,- деди Сариев.

Жыйын соңунда тиешелүү органдарга бул жаатта конкреттүү тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан