"Паспорт жана автоунааларга мамлекеттик номурларды берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөр жакшырат",- деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 17-ноябрда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иши менен таанышууда.
Сарпашев аталган департаменттин жетекчилигинен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү иштерди талап кыларын белгиледи. “Коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жетишсиз. Бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл жана бардык ортомчулардан кутулуу керек. Коррупцияга жана ортомчуларга каршы күрөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу отчётторду дайыма талап кылам”,- деди Сарпашев.