Жылнаама, 19-ноябрь: Мындан 27 жыл мурун "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Омар туулган

* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы спорт ишмери Каныбек Осмоналиев Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн жана ошол эле жерде окутуучу болуп калган. Студент кезинен оор атлетикага кызыгып, штанга көтөрүп машыга баштаган.
Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону жана оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык катары белгилүү. Совет учурунда ага “СССРдин Спорт боюнча эмгек сиңирген устаты” наамы берилген.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы сахнага Омар деген ысым менен чыгып жүргөн ырчы, Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Өмүрбек Жанышов Бишкек шаарында төрөлгөн.
Омар 1995-жылы мектепке барып, ал эми 2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүткөн.
Өмүрбек алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.

* Мындан 98 жыл мурун, 1917-жылы өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен индиялык саясатчы айым Индира Ганди туулган. Индира Ганди Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун жалгыз кызы болгон. Алардын үй-бүлөсү Индиядагы жогорку каста болгон брахмандарга кирген. Атасы Индия элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, элинин арасында Махатма Гандинин ишин улантуучу катары таанылган.
Индира Ганди 1984-жылы 31-октябрда Питер Устиновго телеинтервью бергени бара жатканда жан сакчылары тарабынан атылган. Индира Гандиге сегиз ок тийип, ооруканадан эсине келбей каза болгон.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы Bugatti Royale автоунаасы 5,5 миллион АКШ долларына сатылып, ошол кездеги рекорддук баа болуп саналган. Италиялык конструктор, унаа куруучу "Bugatti" компаниясынын негиздөөчүсү Этторе Бугатти (Ettore Bugatti) бай замандаштары үчүн эксклюзивдүү 25 автоунаа чыгарууну пландаштырган, бирок 6 гана автоунаа чогулган. Аларды сатуу оңойго турбагандыктан, унаалар Бугаттинин үй-бүлөсүндө калган. 1930-жылы Kellner Coach кузову менен чыгарылган Royale унаасы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үйдүн жашыруун дубалында катылган.

Бул автоунаа үй-бүлөдө 1950-жылга чейин болгон. Андан кийин аны америкалык мультимиллионер, спорттук автоунаалардын конструктору Бриггс Каннингем сатып алган. 30 жылдан кийин Каннингем автоунаалардын тарыхынын билерманы, америкалык Мильс Кольерге саткан. Кольер Royale Kellner Coach автоунаасын аукционго 1987-жылы койгон. Bugatti Royale 4000 аукционисттин назарына коюлуп, 5,5 миллион АКШ долларына сатылып, ошол кездеги рекорддук баа болгон. Азыркы учурда анын ээси белгисиз.

19-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jemile
2015-11-18 23:28:29
Omar, tuulgan kununuz kut bolsun. Apanyzga uzaaak omur bersin jaratkan!
+4
Rashinboy
2015-11-19 11:07:11
Эркектер бугунку майрамыбыз менен куттуктайм! Бугун эркектер куну экен.
+2
mery.89
2015-11-19 19:25:12
Омар 1986-жылы туулган деп жургом корсо 1988-жылкы экен да.Эмнеси болсо да жаратканым омур,денсоолук,бакыт берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан