Бүгүн, 18-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр Темир Сариевге жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусундагы калктуу конуштарга барууну тапшырды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушууну жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагында 17-ноябрда очогунда 7 баллга, бүгүн 4 баллга жеткен жер силкинүү катталып, 50гө чукул үйдүн дубалдарынан жарака кетип, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылында 6 үй жарым-жартылай кыйроого учураганы аныкталды.