Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов өлкөнүн тоолуу райондорундагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына байланышкан көйгөйгө токтолду. Примов өкмөт тоолуу райондордогу кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 12 миң сом деп келгени туура эмес экенин айтты.
"Улуттук статистика комитетинде Чаткал, Ала-Бука райондорундагы кызматкерлердин маянасы орточо эсеп менен 12 миң деп көрсөтүлүп жатат. Бул туура эмес, 6 миң сом маяна алышат. Бул жерде өкмөт ошол аймакта иш алып барып жаткан чет элдик ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысы менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын салыштырып жыйынтык чыгарыптыр. Бул жергиликтүү бийликтин да шалаакылыгы. Ошондуктан маянаны тез арада кайра карап чыгууну сунуш кылам. Мисалы, Жети-Өгүз районунда "Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери менен мамлекеттик жумушчулардын айлыгы эки башка көрсөтүлгөндүктөн, эч кандай көйгөй жок",- деди Примов.