“Кыргыз Республикасы – агрардык өлкө. Мамлекетибиз Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыктан, айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө жол ачылды. Өкмөт дыйкандарга жакындан колдоо көрсөтүп, айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө шарттарды түзүп бериши керек. Ансыз өлкөнүн айыл чарбасынын тезинен бутуна туруп кетиши кыйын”,- деди депутат Мирлан Бакиров парламенттин 19-ноябрдагы жыйынында.
Депутат Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында менчикке сатылып кеткен бала бакчалар менен спорттук жайларды мамлекеттин карамагына кайтарып алуу жаатында эки токтом кабыл алынганын, натыйжада көптөгөн имараттар кайтарылганын белгиледи. “Жогорку Кеңештин ошол токтомдорунун аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү керек. Анткени өлкө аймагында бала бакчалар дагы эле жетишсиз болууда”,- деп кошумчалады Бакиров.