Базардагы эттин баасын көзөмөлгө алуу керектигин депутат Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңештин 19-ноябрдагы отурумунда көтөрүп чыкты. Депутат эт саткан касапчылар этти жөнөкөй жарандардан 200 сомдон сатып алып, кайра 350 сомдон сатып жатышканына нааразы. "Эттин баасы уламдан-улам көтөрүлүп, жөнөкөй жарандарга кыйынчылык жаралып жатат. Касапчылар эттин 1 килограммын 200 сомдон сатып алып, үстүнө 150 сом кошуп сатып жатышат. Ошондуктан бул маселени өкмөттүн көзөмөлгө алуусун талап кылам",- деди Шайназаров.