"Азыр газдын баасы кескин көтөрүлүп кетти. Биздеги газ наркынын доллар кунуна көз каранды болгону туура эмес",- деди депутат Дастан Бекешев. Эл өкүлү өкмөт бул маселе боюнча "Газпром" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени оң жагына чечиши керектигин айтты.
"Мен бул маселени жыл башында эле көтөргөм, ушул кезге чейин тиешелүү чаралар көрүлө элек. Мисалы, 2015-жылдын январь айында 1 куб метр газдын наркы 13,57 сом болсо, ал ноябрь айында 15,77 сомго чейин көтөрүлдү. Эгер газ баасы доллардын эмес, рублдун кунуна жараша эсептелсе, мынчалык кымбаттамак эмес. Өкмөт бул маселени тезинен чечиши керек", - дейт Бекешев.