Айнура Элебаева, эксперт: "Мекендештерибиз Орусия жарандыгын жашоо үчүн эмес, акча табуу үчүн гана алышууда"

Бишкекте бүгүн, 19-ноябрда "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришинин миграция процессине тийгизген таасири" деген темада конференция өтүүдө. Жыйын жүрүшүндө эксперт Айнура Элебаева тармактын негизги көйгөйлөрүнүн бирин атады.

"Миграция аркылуу жумушка жарамдуу күчтөрдү жоготуп жатабыз, анткени ишке жарамдуу адамдар Орусия жана башка өлкөлөргө кетип жатышат. Бул мамлекетибиз үчүн жакшы көрүнүш эмес. Мигранттар Орусия жарандыгын жашоо үчүн эмес, акча табуу үчүн гана алышууда. Алардын эң негизги көйгөйү - турак жай. ЕАЭБге кирүү аларга бул көйгөйдү чечүүгө кепилдик бербейт",- деди Элебаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан