Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, президентке мамлекеттик чек араны жана стратегиялык жайларды кайтарууну күчөтүү, терроризмге каршы күрөшүү боюнча тийиштүү органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев дүйнөдөгү акыркы окуялар өлкөбүздө терроризм менен күрөшүүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу, террордук топторго жана алар менен байланышы бар уюмдарга бөгөт коюу зарылдыгын көрсөткөнүн айтты. "Мамлекет өлкөнүн жана өлкө жарандарынын коопсуздугун сакташы керек жана сактайт",- деди президент.
Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык түрүн кескин айыптаарын жана мындай коркунучка каршы күрөшүү үчүн болгон күчүн жумшай турганын кошумчалады.