Өкмөт жетекчиси Темир Сариев жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Суу районундагы үйлөрдүн абалын көрдү. Аталган райондо 152 үй зыянга учурап, анын 10у жараксыз абалга келген. Сариев эң башкысы адамдардын жабыркабаганын белгилеп: "Зарыл жана өз убагында жардам берүү ишин өкмөт моюнга алат. Эл өзүнүн көйгөйү менен өзү калып калбайт",- деп билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү нөөмөт кызматын уюштуруу тапшырмасы берилип, ал эми коопсуздук үчүн карапайым жарандарга жер титирөөдө дубалынан жарака кеткен үйлөрдө түнөбөө сунушталды. Жарандар көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөткө ыраазычылык билдиришти",- деп айтылат маалыматта.
Сариев жер силкинүүдөн жапа тарткан Алай районуна кеткени айтылды.