Кримавторитет Камчы Көлбаевди камакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-мартта кабыл алганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Эскерте кетсек, Көлбаев 2012-жылдын 8-декабрында кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Ага кылмыштуу топтун лидери катары мыйзамсыз түрдө баңгизат жана курал-жарак сактоо, бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү, адам уурдоого катыштыгы бар сыяктуу беренелер боюнча айып тагылууда.