Ун өндүрүп чыгарган ата мекендик ишканаларды колдоого алуу үчүн 2020-жылга чейин аларды салыктан бошотууга багытталган мыйзам долбоору сунушталууда. Демилге Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында биринчи окууда каралып жатат.
Экономика министри Арзыбек Кожошев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ата мекендик ишканаларга колдоо көрсөтүлбөсө, ата мекендик ишканалар атаандаштыкка туруштук бере албай кала турганын айтты. "Учурда кыргыз өлкөсүнө Казакстандан ун көп жана арзан баада келип жатат. Биздин ишканалар унду кымбат чыгарышууда. Ошондуктан колдоо көрсөтүү үчүн ушул демилгени алып чыктык",- деди Кожошев.