Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын насыялык портфели 163 насыяны түзөт

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын насыялык портфели 163 насыяны түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Мунун ичинен көп тараптуу насыя каражаттары Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан келип жатат. Ал эми эки тараптуу насыя берүүчүлөрдүн катарында Япония, Кытай, Орусия, Германия, Түркия өлкөлөрү бар. Бул насыялар негизинен 15 жылдан 40 жылга чейинки мөөнөткө каралып, жеңилдетилген шарттарда берилген. Ал эми пайыздык ченемдер 0,1 пайыздан 3-4 пайызга чейин”,- дейт Байгончоков.

Маалыматка таянсак, быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 634 миллион 913 миң долларды түздү. Мунун 3 миллиард 415 миллион 36 миң доллары - тышкы карыз, 219 миллион 876 миң доллары - ички карыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан