18-22-март күндөрү Бишкекте баскетбол боюнча “Нооруз-2013” аттуу эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу КРнын Баскетбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдешке АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжандан келген командалар катышат. Иш-чара Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алмакчы.