Сириядагы согушчандар Нью-Йоркто жардыруу уюштурары тууралуу видео таратканы жарыяланды

Бүгүн, 19-ноябрда “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары Нью-Йорк шаарында теракт уюштурары тууралуу видеотасма таркатканын АКШнын массалык маалымат каражаттары жазышты.
“Видеотасмада Нью-Йорк шаары теракт уюштуруучу негизги аймак катары калары айтылган”,- дейт Нью-Йорк шаардык полициясынын өкүлү Стефен Дэвис. Полиция кызматкери тийиштүү органдар акыркы окуялардан кабардар экенин жана коркууга негиз жоктугун кошумчалайт. Шаардын мэри Билл де Бласио видеотасма аркылуу шаардыктарды коркутуу мүмкүн эместигин айтат.
Эскерте кетсек, дүйшөмбүдө Вашингтондо да теракт уюштурулары тууралуу видео тарап, анда “Ислам мамлекети” тобунун тарапкерлери Сирияда уюмдун карамагындагы жерлерди бомбалоого катышкан бардык мамлекеттерде теракт уюштурушарын айтышкан.

"Ислам мамлекети" тобу кийинки максаты Вашингтонду жардыруу экенин жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан