* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Байдылда Сарногоев Талас жергесиндеги Кулдамбес кыштоосунда 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарындагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Шумкар" деген аталышта 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган.
Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы "Ашуудан берген отчётум" аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы кыргыз жана казак элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын Эл аралык "Алтын көпүрө" ("Золотой мост") сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардактуу наамы берилген. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Миннесота университетинин ооруканасында биринчи жолу адамга жасалма жол менен алынган кан куюлган. Бейтап "Жахаба күбөлөрү" сектасынан болуп, диний көз караш жактан адамдын канын куйдуруудан баш тарткан. Жасалма кан бардык адамдарга куйганга жарактуу, аны сактоо да жөнөкөй жана вирустарга чалдыгуу коркунучу да аз болгон.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Меккедеги "Аль-Харам" мечитине сыйынууга келген 6 миңден ашуун адамды "Аль-Масжид аль-Харам" тобунун куралданган 500дөй террорчулары барымтага алышкан. Террочулардын башчысы Аль-Утайби АКШга нефть сатууну токтотууну, мамлекеттин берекеси орунсуз жок кылынбоосун, Саудид династиясын тактан түшүрүүнү талап кылган.
Барымтадагыларды бошотуу операциясы 2 жумага созулган. Жыйынтыгында 255 адам каза болуп, 560 киши жаракат алган. 68 террорчу колго түшүрүлүп, алар кийинчерээк өлүм жазасына тартылышкан.
20-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.