№50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаевдин асынып өлгөнү айтылды. Укук коргоо тармагындагы жеке булактарыбыз билдиргендей, ЖАМКтын кызматкерлери Телтаевдин №1-СИЗОдон асынып алганын маалымдашты. "Телтаев асынып ала турган адам эмес болчу. Жакында мага "Телтаевди "чёрныйлар" аркылуу кыйнап, башкача сүйлөп бер деп кордоп жатышат" деген маалымат түшкөн. Муну өлтүрүп коюшту",- дейт жеке булак.
Буга чейин ЖАМКтын башчысынын буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Он күн мурун Иманкул Телтаев СИЗОго камакка алынган.