Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү завод 27-ноябрда ишке кирери күтүлүүдө

Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү завод 27-ноябрда ишке кирери күтүлүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов 19-ноябрда Чүйдөгү иш сапарында билдирди.

"Тийиштүү иштер дээрлик жасалып бүттү, заводду сынактык режимде ишке киргизүү 27-ноябрда болору күтүлүүдө. Заводго 100 миң тонна чийки зат жеткирүү келишимине кол коюлган. Азырынча айрым маселелер гана калды, аны кыска убакытта чечебиз. Заводго чийки мунайды пошлинасыз жеткирүү жолдорун карап жатабыз. Бул даяр продукциянын баасын арзандатууга жана заводду толук кубаттуулукта иштетүүгө мүмкүндүк берет",- деп билдирди Панкратов.

Завод жылына 400 миң тонна чийки мунайды кайра ишетүүгө жөндөмдүү экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан