Токмокто банкрот болуп иштебей турган сүт заводго 17 миллион доллар жумшай турган инвестор изделүүдө

Вице-премьер-министр Олег Панкратов 19-ноябрда банкрот болуп 2010-жылдан бери иштебей турган Токмок шаардык сүт заводуна барды. Вице-премьер ишканада өндүрүштү жандантуу керектигин белгилейт.

"Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. 12 миллион долларга заводду алып, аны толук кандуу иштетүүгө дагы 5 миллион доллар жумшай турган инвестор табышыбыз керек. Мында убагында 650 адамдын иштегенин, өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко кеткенин эске алганда, заводдун кайрадан иштей башташына кызыкдарбыз",- деди Панкратов.

Экономика жана өнөр жай министрлигине караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке потенциалдуу инвестор таап, заводду иштетүү тапшырмасы берилгени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан