Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын бүгүнкү жыйынында “Автомобилдик транспорт жөнүндө” Кыргыз Республиканын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталды. Жыйында бул боюнча депутат Алтынбек Жунус уулу баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору оң рулдуу унаалар менен шаар ичинде гана жүргүнчү ташууга макулдук берүүгө багытталган.
"Буга чейин оң рулдуу унаалар менен патент аркылуу бардык жайда жүргүнчү ташууга макулдук берүүнү сунуштайлы деп жатканбыз. Бирок Ош-Бишкек, Бишкек-Торугарт жана башка унаа жолдорунда жол кырсыктары көп болуп жаткандыктан, шаар ичинде гана жүргүнчү ташууга макулдук берүүнү сунуштап жатабыз. Шаар ичинде деле оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыктары катталган, бирок оор эмес. Ошон үчүн шаар ичинде гана жүрүүгө макулдук берүү керек. Алар патент алууга милдеттендирилет",- деди Жунус уулу.