Кыргыз мамлекетинин делегациясы Дүйшөмбү шаарында өтө турган “Массалык маалымат каражаттарынын санариптик форматка өтүшү” деген темада Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун 17-борбор азиялык конференциясына катышат.
Аталган уюмдун Бишкектеги борборунан 20-ноябрда билдиришкендей, 10 кишиден турган делегациянын курамына тармактык мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирет. Жыйында аймактагы санариптик берүүнүн жыйынтыктары талкууланмакчы.