Жогорку Кеңеш 19-ноябрда Эмгек кодексине жана “Маяна, пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнү өз убагында камсыздоо” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 3-окууда жактырды. Өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунда эгерде эмгек акы кечигип төлөнө турган болсо, кошумча төлөнүүчү туумдардын өлчөмү бекитилген.
Мыйзам акча көбөйтүү же ишкананы банкрот кылуу үчүн эмес, эмгек акыны өз убагында төлөп берүү максатында колдонулмакчы. "Бул мыйзамды кабыл алуу менен жумушчунун да, иш берүүчүнүн да кызыкчылыгы корголот" деп айтылат мыйзам долбоорунда.
Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет.