Жогорку Кеңештин 25-26-ноябрдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 25-26-ноябрдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти. Жогорку Кеңештин маалымат кызматына таянсак, 25-ноябрда "Дары каражаттары жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө", "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жана башка мыйзамдардын долбоорлору каралат.

Ал эми 26-ноябрдагы жыйында өкмөттүн 2015-жылдын 25-майында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калктын 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын жүрүшү жөнүндө" №319-токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан