* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы ырчы Бегимай Эсенгулова Каракол шаарында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №70-гимназия-мектебин аяктап, Туризм академиясын бүтүргөн.
2006-жылы сахнага алгачкы кадамын таштаган. Бегимай Эсенгулова "Чын эле мен сени таптымбы?", "Сен", "Апакем" ж.б. ырлары менен белгилүү болгон.
* Мындан 171 жыл мурун, 1844-жылы орус тамсилчиси Иван Крылов 75 жашында көз жумган.
Иван Андреевич Крылов - орус жазуучусу, драматург, тамсилчи. Ал жалпы орус элине, деги эле баарына өзүнүн көрүнүктүү, жеткиликтүү тамсилдери менен белгилүү болгон. Крылов орус адабиятынын, анын ичинде сатиранын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын жалпыга белгилүү тамсилдери: "Эшек менен булбул", "Карга менен бүркүт", "Ийнелик менен кумурска", "Түлкү менен карга" ж.б.
* Мындан 138 жыл мурун, 1877-жылы белгилүү америкалык окумуштуу Томас Эдисон фонографты ойлоп тапкан.
Фонограф - үн жана дабыштарды чыгаруучу жана жазуучу алгачкы прибор. Мындай приборду ойлоп табууга Эдисондун өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырып калуу каалоосу түрткү болгон. Анын алгачкы фонографы үн чыкканда айланган цилиндрге оролгон фольгага ийне менен түшүрүлгөн. Публикага бул фонографты тартуулаган Эдисон атактуу болуп, айрым адамдар аны сыйкырчы дешкен. 1887-жылы Эмил Берлинер цилиндрди эмес, жалпак дискти колдонуп көрүп, аны "граммофон" деп атаган. 1912-жылы Томас Эдисон дисктерди колдонуп жаңы фонограф тартуулаган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Киевдеги көпкө созулган массалык нааразычылык акциясы - Евромайдан башталган. Бул акцияга өкмөттүн Европалык биримдигине кирүү тууралуу келишимге кол коюуну бир аз токтотуп коё туруу чечими себеп болгон. Акциянын катышуучуларынын максаты Украина менен Европалык биримдиктин бирге болуу келишимине кол койдуруу, 2013-жылдын 30-ноябрынан кийин өкмөттү жана президентти отставкага кетирүү, 2014-жылдын 16-январынан кийин жаңы мыйзамды жокко чыгарып, мурунку 2004-жылкы Конституцияга өтүү жана нааразылык көрсөткөн камактагыларды чыгаруу болгон.
21-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.