Жылнаама, 22-ноябрь: Мындан 55 жыл мурун СССРде аз май коротуучу Запорожец үлгүсүндөгү унаалар чыгарыла баштаган

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы 4 жыл аралыгында курулуп бүткөн Ош облусунун Алай районунда Кытайга кирип чыгуучу Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там транспорттук коридор - унаа жолу пайдаланууга берилген. Бул унаа жолу стратегиялык маанидеги Ош - Бишкек унаа жолунун уландысы болуп, өлкөнү Кытай жана Тажикстан менен байланыштырат.

* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы СССРде аз май коротуучу Запорожец үлгүсүндөгү унаалар чыгарыла баштаган. Ал Украинанын Запорожье шаарында жайгашкан "Коммунар" заводу тарабынан жасалып, автоунаанын аталышы да Запорожье шаарынан алынган. СССРде бул үлгүдөгү унаа арзандыгы менен популярдуу болгон.

* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы америкалык актриса жана ырчы Скарлетт Йоханссон Нью-Йоркто төрөлгөн.
Скарлет 1992-жылы Лос-Анжелесте "Софистика" постановкасында эң биринчи ролун жараткан. Өзүнүн тасмадагы алгачкы ролун 1994-жылы "Норт" тасмасында аткарган. Кийинки белгилүү ролу 1996-жылы "Мэнни и Ло" тасмасында болуп, "Independent Spirit Awards" сыйлыгынын "Аялдын мыкты ролу" номинациясын жеңип алган. 1998-жылы "Заклинатель" тасмасындагы Грейс Маклиндин ролу Скарлетти Америкага таанымал кылган. "Девушка с жемчужной серёжкой" аттуу тасмадагы Гриттин ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына татыган. Ал эми 2004-жылы "Оскарга" ээ болгон.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Камбоджанын борбору Пномпень шаарында камбоджалыктардын улуттук майрамы - Суу фестивалында тыгын болуп, анын кесепетинен 456 киши көз жумуп, 500дөн ашууну ар кандай жаракат алган.

22-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2015-11-22 11:18:47
Кыскасы ,,зазда" улгусундогу...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан