Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-ноябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда Боронов президентке Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу маалымат берип, Ош облусунун Кара-Суу, Алай райондорунда жана Ош шаарында 452 үй жана 18 социалдык объект катуу жабыркаганын, 10 үй таптакыр жараксыз болгонун айтты. "37 социалдык объект жана 590 үй капиталдык оңдоого муктаж",- деди министр.
Кубатбек Боронов жапа чеккендердин убактылуу жашап туруусу үчүн чатырлар, контейнерлер жеткирилип берилгенин маалымдады. "Тургундарга тамак-аш, мештер көмүрү менен жеткирилип жатат. Ошондой эле гуманитардык жардамдарды жеткирүү уюштурулууда",- деди Боронов.
Атамбаев мамлекеттик органдар жапа чеккендерди бардык жагынан камсыз кылуусу керектигин белгиледи. "Эч ким көңүл буруусуз калбашы керек",- деди Атамбаев. Ошондой эле мамлекет башчы социалдык объектилерди жана үйлөрдү кайра калыбына келтирүү иштерин, гуманитардык жардамдарды жеткирүүнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.