Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-ноябрда прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчынын куттуктоосу:
“Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Сиздерге укук тартибин жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча өзгөчө маанилүү жана жооптуу милдет жүктөлгөн. Өткөн ондогон жылдар бою бул багытта бай тажрыйба топтолду. Мамлекетке жана мыйзамга берилип, ак ниет кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн бир катар прокуратура кызматкерлери коомчулукка белгилүү.
Кыргыз мамлекетинин эли прокуратура органдары өз ишмердигин мезгил талаптарына ылайык өркүндөтүүгө умтулуп жатканын көрүп турат. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан да прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча көбүрөөк колдоо көрсөтүлүүдө.
Өлкөбүздө масштабдуу кайра куруулар ишке ашырылып, укуктук мамлекеттин негиздери ырааттуулук менен бекемделип жаткан шарттарда прокуратуранын ролу жана мааниси өсүүдө. Конституцияга ылайык, аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын, укук коргоо органдары мыйзамдарды так сакташын көзөмөлдөө – сиздердин башкы милдетиңиздер. Сиздер карапайым жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу жана өз мөөнөтүндө коргоого, Кыргыз Республикасында укук талаасынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга жетишип, терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийишсиздер.
Мен сиздерди жарандардын, айрыкча калктын социалдык жактан аярлуу катмары тууралуу кеп болгондо, алардын укуктарын бузуу, мыйзамдуу кызыкчылыктарын этибарга албоо фактыларына ыкчам, так жана келишкис жооп кайтарууга чакырам.
Мунун баары прокурорлордон жогорку кесипкөйлүктү, күчтүү эркти, бекемдикти жана принциптүүлүктү талап кылат. Кылмыштуулукка каршы күрөштүн практикасында жана коомдун аң-сезиминде "кол тийгистер" жок, кылмыш ишин козгоодо иргеп мамиле жасоого жол берилбейт" деген принциптер бекем орун алышы зарыл. Бардык жарандардын мыйзам алдында бирдейлигин камсыз кылганда гана мамлекет адилет, демократиялуу жана укуктук болуп аталышы мүмкүн.
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу болуш керек, ошол эле учурда адилеттүү да болууга тийиш. Ар бир кылмыш ишинин артында тирүү адам жана адамдын тагдыры турганын эстен чыгарбаңыздар. Инсанды урматтоо, анын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу прокуратура органдарынын ишмердигиндеги артыкчылыктуу милдеттерден болушу зарыл.
Кыргыз мамлекетинин прокуратура органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик жакшы салттарын жана жөрөлгөлөрүн сактап, аларды мындан ары да өрчүтө берет деп ишенем. Кесиптик даярдыкты, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу иштерин жакшыртууга ар дайым даяр, таза иштеген жана ак ниеттүү кызматкерлерди өстүрүүнү, өз катарындагы коррупцияны жоюп, тазаланууну камсыз кылган систем түзүлүшү зарыл.
Кыргыз мамлекетинин эли прокуратура органдары адилеттүүлүктүн жана мыйзамдын ишенимдүү коргоочусу болушун көксөйт. Калыстык жана объективдүүлүк, компетенттүүлүк жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу, мыйзамды жана абийирди ыйык тутуу сиздердин иштеги негизги принциптериңиздер болушу керек.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай жана элдин кызыкчылыгына жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!"