“Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик жана коомдук угуулар өтөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбооруна көпчүлүк ишкерлердин каршы пикири бар, ошондуктан мыйзам долбоорун коомдук жана парламенттик угууга алып чыгуу керек.
Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Санжар Муканбетовдун айтымында, мыйзам долбоору жаңы каржылык формаларды пайда кылат. Ошондуктан ишкерлер оюн кенен билдириши үчүн долбоорду коомдук угууга алып чыгуу туура. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.