Жогорку Кеңеш: “Бир бол” фракциясы айрым депутаттык артыкчылыктардан баш тартты

Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаттары бир катар депутаттык артыкчылыктардан: кызматтык автоунаадан, кызматтык батирлерден, санаторий-курорттук камсыздоодон баш тартышты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 23-ноябрда аталган фракциядан билдиришти.

"Мындай чечимди депутаттар мамлекеттик бюджетти үнөмдөө жана парламенттин ишине байланышкан чыгымдарды кыскартуу максатында кабыл алышты. Депутаттар бул артыкчылыктарга бөлүнгөн каражат калктын социалдык муктаждыктарын жакшыртууга жумшалышы керектигин айтышты",- деп билдиришти фракциядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан