Жоомарт Сапарбаев “базарда 300 доллар турган ноутбуктарды Транспорт министрлиги 900 доллардан сатып алды” деп нааразы

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутаттар Транспорт жана коммуникация министрлигине сатылып алынган каражаттарды талкуулашты. Жыйында депутат Жоомарт Сапарбаев: “Базарда 300 доллар турган ноутбуктарды Транспорт жана коммуникация министрлиги кандайча 900 доллардан сатып алат?”- деп суроо узатты.
Аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Эрнис Мамырканов бул боюнча тендерди министрликке караштуу ведомство өткөргөнүн айтып: “Орус тарап менен биргелешип келишим түзүшкөн. Бизге тендердин сунушун Айыл чарба жана мелиорация министрлиги алып келген, биз эч нерсе кошкон эмеспиз. Эгер сумма жогору көрсөтүлгөн болсо, демек, жогорку сапаттагы каражаттар сатылып алынган”,- деп жооп берди.
Сапарбаев Транспорт жана коммуникация министрлигинен бир аптанын ичинде толук маалымат берүүсүн талап кылып: “Сатып алган нерселерди ийне-жибине чейин жазып алып келгиле”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан