22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Музыкалык академиялык драма театрында болду. Театрдын абалы жана ишмердүүлүгү менен маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов тааныштырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Премьер-министр театрдын кыргыз маданиятында өзгөчө орунду ээлеген жай экенин белгилеп, анын деңгээлин көтөрүү мезгили келип жеткенин билдирди. Имараттын жылуулук системин оңдоо зарылдыгын айтып, бул боюнча сунуш даярдоону тапшырды. Аталган сунушка ылайык, кошумча каражат бөлүп берүү маселеси караларын айтты.