Кыргыз спортчулары бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 8 медаль тагынышты

Кыргыз спортчулары 21-22-ноябрда бел боо күрөшү боюнча Казань (Орусия) шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 8 медаль тагынышты. 8 медалды спортчуларыбыз бел боо күрөшүнүн эркин күрөш түрүнөн утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, медалдардын экөө алтын, экөө күмүш жана калган төртөө коло медалдар. Алтын медалдарды Нагира Сарбашева (76 килограммдан жогорку салмакта) менен Нурбек Кожобеков (90 килограмм) багындырды. Ал эми күмүш медалдарды Бектурган Кожомуратов менен Мадина Надирова өз эсептерине жазышты. Ал эми коло медалдарды өлкө эсебине Элиза Абдыкадырова, Назира Арзыбекова, Тилек Куралов жана Бекболсун Кушубаков алып келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2015-11-23 15:01:56
Азаматтар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан