Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде бүгүн, 23-ноябрда “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, келишимге ылайык, аталган уюм элет жерин өнүктүрүү багытында мамлекетибизге 12 миллион доллар каражат бөлөт. Каражат Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы айылдарга берилмекчи. Анын 6,6 миллион доллары - насыя, 5,4 миллион доллары - грант. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөк менен берилүүдө.
Долбоордун алкагында айыл жергесинин инфратүзүмүн жакшыртууга, жакырчылыкты жоюуга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, жергиликтүү тургундардын ден соолугун чыңдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин билимин көтөрүүгө багытталган иштер жасалары айтылды.