Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясындагы бир күндүк маяна Оштогу жер титирөөдөн жабыркагандарга которулду

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери бир күндүк маянасын Оштогу жер титирөөдөн жабыркагандарга которушту. Мекемеден бүгүн, 23-ноябрда билдиришкендей, бөлүнгөн каражат Кара-Суу жана Алай райондорунун жардамга муктаж тургундарына берилмекчи. "Бир күндүк маянанын суммасы 201 миң сомду түздү. Каражат жөнөтүүдөгү максат - оор кырдаалда мекендештерди колдоо",- деп билдиришти инспекциядан.

Эскерте кетсек, өткөн аптадагы бир нече жолку жер титирөөдө Ош жана Жалал-Абад облусундагы бир топ үй авариялык абалга кептелген. Учурда чыгымдын ордун толтуруу, кыйналып турган жашоочуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан