Аргентинада президенттик шайлоодо оппозициялык талапкер Маурисио Макри жеңишке жетишти. Башкаруучу партиянын талапкери, Буэнос-Айрестин губернатору Даниэль Сциоли жеңилгенин мойнуна алып, Макрини жеңиши менен куттуктады. Добуштарды саноонун жыйынтыгында Макри 51,5 пайыз, Сциоли 48,5 пайыз добуш алганы аныкталды.
Макри Буэнос-Айресте тарапташтарынын алдына чыгып: "Бул тарыхый күн. Бул доордун алмашуусу",- деп билдирди. Өлкөнүн буга чейинки президенти Кристина Фернандес де Киршнер эки мөөнөт президент болгондуктан, бул шайлоого катыша алган жок.