Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин 23-ноябрдагы жыйынында "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндөгү" мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды.
"Акыркы мезгилде сөөк коюуда жердин тартыштыгы байкалууда. Мыйзам долбоорунда жарандардын укуктарын коргоо максатында сөөк көмүү үчүн жер тилкесин акысыз бөлүп берүү каралып жатат. "Мүрзөлөрдү кеңейтүү көйгөйү курч коюлуп турган чакта кремация сөөктү көмүүнүн альтернативалуу ыкмасы болушу мүмкүн" деген сунуштар мыйзам долбоорун 1-2-окууда талкуулаганда алынып салынган. Ал диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн берген тыянагынан улам кабыл алынган",- деп билдирди Бишкек шаарындагы ритуалдык кызмат көрсөтүү кызматынын директору Болот Карамуратов.
Жер аянттарынын жетишсиздиги, мүрзөлөрдүн тегерегиндеги санитардык-экологиялык баланстын бузулгандыгы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга түрткү болгонун айтышты демилгечилер.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору кабыл алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.