Жылнаама, 24-ноябрь: Мындан 74 жыл мурун советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков туулган

* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы ырчы Кайрат Примбердиев Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көк-Ой айылында өскөн. Талас мамлекеттик университетинде сырттан окуган.
Сахнага алгач Султан Садыралиев менен биргеликте "Арноо" аттуу ыр менен чыккан. Ырчы катары "Сагынганда", "Сүйүү аптабы" аттуу ырлары менен таанымал болгон.

* Мындан 130 жыл мурун, 1885-жылы америкалык журналист, жазуучу, англис тилдүү “Moscow News” советтик гезитинин негиздөөчүсү Анна Стронг АКШнын Небраска штатында туулган.
Кийинчерээк АКШ менен СССР бири-биринин пайдасы үчүн аны тыңчы деп айыпташып, Стронг Кытайдан баш паанек сураганга аргасыз болгон.

* Мындан 74 жыл мурун, 1941-жылы советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков Орусиянын Свердловск же азыркы Екатеринбург шаарында туулган.
Ал - Орусиянын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Орусия телевидение академиясынын академиги, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн белгилүү КВН телеберүүсүнүн туруктуу алып баруучусу, жетекчиси жана режиссёру.

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы Жон Кеннединин өлүмүнө шектүү делинген Ли Харви Освальд атылып өлтүрүлгөн.
АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди 1963-жылы 22-ноябрда киши колдуу болуп көз жумган. Бул кылмышка тийиштиги бар делинип Ли Харви Освальд аттуу адам Далласта камакка алынган, бирок ал бул кылмышты мойнуна алган эмес. Камакка алынгандан эки күн өтпөй Освальддын өзү да түз эфир учурунда атылып өлтүрүлгөн.

24-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан