Казань шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнүндө кыргыз балбандары дагы 4 медаль утушту. Бекболсун Кушубаков 100 килограммдан жогорку салмакта чемпион аталса, Бексултан Кубанычбек уулу 68 килограмм салмакта күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Чынгыз Чалабаев (90 килограмм салмакта) менен Кадыр Келсинбеков (100 килограмм салмакта) коло медалдарды тагынышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, ушуну менен кыргыз балбандары аталган мелдештеги медалдардын санын 13кө жеткиришти. Балбандарыбыз жалпысынан күрөштүн эркин жана классикалык түрүнөн 3 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль утушту. Жалпы командалык эсепте улуттук курамабыз 2-орунду ээледи. 1-орунду Орусия курамасы камсыздады. Мелдешке 20дай мамлекеттин спортчулары катышкан.