Франциянын "Шарль де Голль" кемеси Сириядагы согушчандарга каршы чабуул баштады

Франциянын "Шарль де Голль" аскердик кемеси Сирия менен Ирактагы террористтерге карата биринчи соккуларын узатты. Француз басылмалары жазгандай, 30дай учак жайгашкан бул кеме Жер Ортолук деңизине 22-ноябрь күнү келген. Андагы техникалардын 18и Rafale-M, 8и Super Etendard үлгүсүндөгү истребителдер. Бул аскердик чабуул эң аз дегенде 4 айга созулары, мөөнөт андан ары да узартылышы мүмкүн экени айтылды.

Аталган кеме француз армиясындагы көрүнүктүү куралдардын бири. Ал бардык заманбап аскердик техникалар менен жабдылган.

Эскерте кетсек, 13-ноябрдагы Париждеги террордук чабуулдан кийин Франция бийлиги терроризм менен олуттуу күрөшүү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан