Жогорку Кеңештеги фракциялар Ошто жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүнү улантышууда. "Бир бол" фракциясынын депутаттары Кара-Суу жана Алай районундагы жабыркагандарга жеке каражаттарынын эсебинен 1 миллион сом берүү чечимин кабыл алышты.
"Мындай чечимди депутаттар табигый кырсык болгон жерге барып, жабырлануучулардын абалы, келтирилген зыяндар менен таанышып келгенден кийин кабыл алышты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк эмгек акыларын да которуп берүүнү чечишкен",- деп билдиришти фракциянын катчылыгынан.