Социалдык өнүгүү министри жатак-үйлөрдүн айланасына мөмө берүүчү дарактарды өстүрүү тапшырмасын берди

Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу социалдык-стационардык мекемелердин аймагына мөмө байлоочу дарактардын 2000дей көчөтү тигилет. Министрликтен 24-ноябрда кабарлашкандай, бул боюнча министр Кудайберген Базарбаев Төмөнкү Серафимовка, Токмок №1, Токмок №2 социалдык жайларынын башчылары менен жыйын өткөрдү.

Базарбаев аталган мекемелерде жашаган жарандарга жагымдуу шарт түзүп берүү, алардын сейилдеши үчүн бак-дарак өстүрүү, өрүк, кара өрүк, алма жана алмурут көчөттөрүн отургузуу зарылдыгын белгиледи. Тигилген дарактардын мөмөсүн кийин ошол жайдагы жашоочулар жей турганын айтты.

Маалыматка таянсак, учурда министрликке караштуу 16 жатак-үй иштеп, анда 2370 адам жашап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан