Кытайлык компания элет жериндеги окуучуларга спутник аркылуу билим берүү каналын киргизүүнү сунуштады

Кытайлык "Space Star Technology Co Ltd" компаниясынын өкүлдөрү вице-премьер-министр Олег Панкратов менен жолугушуу учурунда кыргыз өлкөсүнө спутник аркылуу билим берүү каналын киргизүүнү сунушташты. Бул тууралуу 24-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуубуз өнүгүп жатат. "Space Star Technology Co Ltd" компаниясынын республика аймагында спутник аркылуу дистанциондук билим берүү каналын ачуу боюнча долбоору да муну түшүндүрө алат. Ар бир жаранга сапаттуу билим берүү боюнча бирдей шарт түзүү зарылдыгын эске алып, ушул долбоорду карап чыгууга даярбыз",- деди Панкратов.

Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашырууга 5-8 миллион АКШ доллары керектелет. Кытайлык ишкананын өкүлдөрү: "Спутник аркылуу онлайн жана оффлайн режиминде билим берүүгө болот. Долбоор алыскы интернет желеси жок аймактардагы мектептерде окуган балдарды сапаттуу билим менен камсыз кыла алат",- деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан