Кара-Суу районунда 20 404 адам мамлекеттен жөлөк пул алары айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 20 404 жаран мамлекеттин эсебинен жөлөк пул алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин билдиришинче, мунун 16 653ү жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган балдар, 3 751и ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар.

"Дагы 118 жаран ай сайын мамлекеттен 3700 сом суммасында кошумча жөлөк пул алат. Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт боюнча 4600 адамга, сөөк коюу боюнча 266 адамга жөлөк пул берилди. 9-Майга карата 286 адам жардам алды. Мындан тышкары райондо Улуу Ата Мекендик согуштун 22 ардагери өмүрүнүн акырына чейин стипендия жана ага кошумча акы алат",- деп билдирди Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан