Президент кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 24-ноябрда кол коюлганын президенттик аппараттан билдиришти.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.

Кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачканын маалымдады ИИМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан