Асылбек Жээнбеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары Астрид Турсту кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 24-ноябрда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары Астрид Турсту кабыл алды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Жээнбеков эл аралык коомчулук парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жогору баа бергенин айтты. "Парламенттик шайлоо ачык-айкын жана таза өткөндүктөн, Кыргыз Республикасынын тарыхында алгач ирет шайлоо жыйынтыгы боюнча коомчулуктун нааразычылыгы менен митингдер болгон жок. Шайлоо жүрүмүнө жаңы технологияларды киргизүүгө каршы чыккан күчтөр да болгонун белгилей кетишибиз керек. Ошого карабастан, президент, парламент, өкмөт башында эле туура чечим кабыл алышканы иш жүзүндө көрүндү",- деди ал.

Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө маселесине кайрылган төрага Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө концепциясы кабыл алынган соң, этностор аралык мамилелер жаатындагы абал
түп-тамырынан өзгөргөнүн эске салды. "Улуттар аралык мамиле – өтө назик нерсе. 2010-жылдан тарта Кыргыз Республикасы коомчулук арасындагы ынтымак менен ырашкерликти сактоо жагында кыйла ийгиликтерге жетишти. 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө бир дагы саясий партия мурдагыдай улутчулдук чакырыктарды көтөргөн жок. Бардык саясий күчтөр коомчулуктун ынтымагына, саясий туруктуулукка ниет коюшту. Бул Кыргыз Республикасынын башкы жетишкендиги болуп саналат", - дейт Жээнбеков.

Төрага Кыргыз Республикасы ЕККУнун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен болгон кызматташтык мамилелерди андан ары өрчүтүүгө артыкчылыктуу маани бере турганын айтты. Ал кызматташтык мамилелер ыкчам жана ырааттуу өнүгүп жатканын, тынчтыкта жашоо, улуттар аралык алакалар, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо маселелериндеги ЕККУнун өзгөчө ролун канааттануу менен белгиледи.

Астрид Турс да Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлде өткөнүн айтты. Ал Жээнбековду Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, парламент жетекчилигинин этностор аралык мамилени бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан ишинин маанисин баса белгиледи.

Тараптар шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, сот тутумунда, укук коргоо органдарында реформаларды жүргүзүү жаатында пикир алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан