Экономика жана өнөр жай министринин жаңы орун басарлары дайындалышты

Туратбек Жунушалиев, Нурлан Садыков жана Айбек Калиев экономика жана өнөр жай министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Министрликтен 24-ноябрда кабарлашкандай, жаңы орун басарларын министр Арзыбек Кожошев аппарат жыйынында жамаатка тааныштырды. Экономика министрлигине жакында (жаңы өкмөт түзүлгөндө) энергетикалык тармакты өнүктүрүү багытында өндүрүш саясатын иштеп чыгуу функциясы да жүктөлүп, аталышы өзгөргөн.

Жунушалиев, Садыков жана Калиев буга чейин энергетика жана өнөр жай министринин орун басарлары болуп иштеп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан