* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы "Таластык кыз" ыры менен сахнага кадам таштап, тез убакыттын ичинде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында төрөлгөн.
Б.Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун ОХД бөлүмүндө окуган. Ал "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу ырлардын аткаруучусу.
* Мындан 148 жыл мурун, 1867-жылы Альфред Нобель динамитке патент алган. Нобель бул ачылышын жарнамалоо иретинде эл алдына алып чыгып иш жүзүндө көргөзүп, анын кандай иштей тургандыгы тууралуу лекцияларды окуган. Жыйынтыгында анын бул ачылышына көптөрдүн кызыгуусу арта баштайт. Кийин ММКларда аны "жарылуучу өлүмдүн сатуучусу" деп жаза башташкан. Анын бул баалуу ачылышы адам баласына пайда эмес, зыян, өлүм алып келгендигин көрүп, күнөөсүн жууш үчүн "Нобель" сыйлыгынын фондун негиздеген. Ал өмүрүнүн акырында мурасынын көпчүлүк бөлүгүн дал ошол фондго бөлүп, ал 31 миллион кронду түзгөн. Альфред Нобель азыркы күнгө чейин ал күнөөсү үчүн төлөп келет.
* Мындан 100 жыл мурун, 1915-жылы Чилинин диктатору Аугусто Хосе Рамон Пиночет Угарте Чилинин Вальпараисо аттуу шаарында туулган.
Ал 1973-жылы кандуу төңкөрүштөн кийин бийликке келген. Чилини 1974-1990-жылдары башкарып, диктатор катары көпчүлүктүн эсинде калган. 2006-жылы 90 жаштагы Пиночетке "күнөөсүз адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон, адам укуктарын тебелеп-тепсеген" деген айып коюлуп, үй камагына алынган. Ал убакытка чейин Пиночет ден соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген.
Пиночет 91 жаш курагында Сантьягодо жүрөк талмасынан каза болгон. Ал каза болгондо миңдеген чилиликтер кубанып, демонстрацияга чыгышкан.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы атактуу япон жазуучусу жана драматург, япон адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон ХХ кылымдагы япон жазуучуларынын көрүнүктүү өкүлү Юкио Мисима өзүнө харакири жасап өзүн өзү өлтүргөн. Ал үч ирет "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлгөн. 1988-жылы жазуучунун урматына Юкио Мисима атындагы сыйлык негизделген.
25-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.