Темир Сариев: "Акыркы окуялар боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ишине тез арада баа берилиши керек"

Өкмөттө 24-ноябрда Коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңештин жыйыны өтүп, анда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы абал жана дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу коопсуздук чаралары каралды.

Премьер-министр Темир Сариев №50-СИЗОдогу окуяга байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана кемчиликтерди жоюу боюнча тез арада тиешелүү чечимдер кабыл алынышы керектигин билдирди.

Мындан тышкары дүйнөдөгү абалга байланыштуу мамлекеттик органдардагы коопсуздук чаралары жаатында мамлекеттик органдардын маалыматтары угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан